Бишкек шаары, “Ынтымак Ордо”, 2026-жылдын 24-апрели – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны өткөрүлдү.
Андан соң отурумдун катышуучулары Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планын бекитүү жөнүндө Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун карап, талкуудан соң бекитип беришти. Чечимдин максаты – Бишкек шаарын туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүү, аймакты өнүктүрүүнү пландоо, функциялык зоналарды белгилөө, республикалык жана жергиликтүү мааниде пландалган объекттерди аныктоо, шаар куруу ишин жүзөгө ашырууда адамдын коопсуздугун жана жагымдуу жашоо-тиричилик шарттарын камсыз кылуу, айлана-чөйрөгө чарбалык жана башка иштин терс таасирин чектөө, аймакты жана жаратылыш ресурстарын учурдагы жана келечек муундардын кызыкчылыгында коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу.